16 февраля 2017, 13.00–17.00

«Эл аралык билим берүү» көргөзмөсү Бишкекте

Канткенде керектүү адис боло турганыңызды ойлонуп жатасызбы? Же алдыңызга жаңы келечектерди, балким, бүт дүйнөнү ачкыңыз келип жатабы? Чет жактардан окуу тууралуу ойлонуп көрүңүз – анда жеке инсандык эжана карьералык өсүш үчүн эбегейсиз мүмкүндүктөр саны катылган. Бул тууралуу көбүрөөк Бишкектеги масштабдуу билим берүү көргөзмөсүнөн билиңиз.

Көргөзмөнүн катышуучулары – Россиянын, Түркиянын, Австралиянын, Кипрдин, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын, Франциянын, АКШнын, Австриянын, Швейцариянын, Малайзиянын, Сингапурдун, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы университеттери жана бизнес-мектептери.

Программада:

  • бүткүл дүйнө жүзүнөн бакалавриаттын жана магистратуранын 500дөн ашуун программалары;
  • 2017/18 гранттары, квоталары жана стипендиялары тууралуу баардык маалымат (эл аралык стипендиялар, «Болашак» стипендиясы);
  • чет өлкө жождоруна тапшырууга карата даярдоо боюнча курстар жана программалар;
  • TOEFL, IELTS, GMATтарды кантип тапшыруу керек;
  • мастер-класстар, бет ачарлар жана 100дөн ашуун окуу жайларынын өкүлдөрү менен баарлашуу.

Иш-чара DAAD, Campus France, American Councilsтардын колдоосу алдында өтөт.

Азыр каттоодон өтүңүз

«Эл аралык билим берүү» – бул дүйнөнүн алдыңкы университеттеринен эл аралык билим берүүнүн бир нече варианттарын салыштыруунун жана дал сизге гана шайкеш келе турганын тандап алуунун өз алдынча уникалдуу мүмкүндүгү.

Келиңиздер, сиздерди көргөнүбүзгө кубанычта болобуз!


General partner of the fair.

 

Комментарии Фейсбук Вконтакте